БШК депутат Эргешовдун соттуулугун тактоо үчүн укук коргоо органдарына кайрылды

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Бекмурза Эргешовдун соттуулугуна байланыштуу маалыматтарды тактоо үчүн укук коргоо органдарына өтүнүч жөнөттү. Бул тууралуу “Азаттыкка” БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов 3-мартта билдирди.

“Соттуулугу бар деген маалыматтарды социалдык тармактардан билип жатабыз. Ошого жараша тиешелүү органдарга өтүнүчтөр кеткен. Жообун күтүп жатабыз”, — деди Бекматов.

Укук коргоо органдары Эргешовдун буга чейин соттуулугу болгонун аныктаса, анын депутаттык ишмердигин мөөнөтүнөн мурда токтотуу маселеси БШКда караларын тактады.

Шайлоо алдында Ички иштер министрлиги Эргешовдун Кыргызстандын аймагында кылмыш жоопкерчилигине тартылбаганы тууралуу маалымкат берип, БШК ошонун негизинде талапкер кылып каттаган.

Эргешов былтыр 30-ноябрда №6 шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. 18-февралда ушул округдан талапкер болгон Алтынбек Токтосунов өлкө бийлигине кайрылып, Эргешовдун буга чейин соттолгону тууралуу маалыматтар бар экенин айтып чыккан.

4 Март 2026 жыл 9:15
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча