Чүйдө 14 жаштагы бала асынып алган

Чүйдүн Сокулук районунун Асылбаш айылында 14 жаштагы өспүрүм асынган абалында табылды. Баланы туугандары таап, райондук ооруканага жеткиришкен. Дарыгерлер бала жан бергенин аныктап, милиция чакырышкан.

Маалыматты Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын (ОИИББ) басма сөз кызматы ырастады. Ага ылайык, окуя 21-январда болгон. 8-класстын окуучусу саат 8:00де үйүнөн мектепке чыгып кеткен, 40 мүнөттөй убакыттан кийин өз үйүндөгү сарайдан асынган абалда табылган.

Сокулук райондук милициясы бул факт боюнча тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындады. Иликтөө иштери жүргүзүлүүдө, анын жыйынтыгына жараша Кылмыш-процессуалдык кодексинин талаптарына ылайык чечим кабыл алынат.

22 Январь 2025 жыл 13:55
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча