Чүй облусу боюнча быйыл 12 мектеп бүткөрүлөт. Бул тууралуу Мамкурулуштун директору Мырзабек Жыпаркулов өзүнүн фейсбук баракчасына жазды.
Маалыматка ылайык, 2023-жылга карата Чүй облусу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык 12 мектеп бүткөрүлөт. Анын ичинен 7 мектептин курулуш иштери окуу жылына карата аяктайт.
Курулуш иштери азыркы учурда кызуу жүрүүдө.