Чүйдө дан эгиндерин жыйноо иштери башталды

 Кыргыз мамлекеттик асыл тукум заводунда түшүм жыйноо иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, заводдун Чүй облусунда 700 гектар жери бар. Бул аянттарда буудай, арпа, жүгөрү, беде, кант кызылчасы жана башка айыл чарба өсүмдүктөрү өстүрүлөт.

Учурда кылкандуу дан эгиндерин жыйноо иштери уланууда. Бүгүнкү күнгө чейин 100 гектар жердеги арпа толук жыйналып бүтүп, 180 гектар аянттагы буудайды оруп-жыйноо иштери жүргүзүлүүдө. Анын 70 гектарын Россиядан алынып келинген «Алексеич» сортундагы буудай түзөт.

Жыйналган буудай үрөндүк жана сатууга багытталган болуп экиге бөлүнүп, атайын кампаларга сакталууда. Завод быйыл айыл чарба өсүмдүктөрүнүн бардык түрүнөн жогорку түшүм алууну пландап жатат.

16 Июль 2026 жыл 13:25
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча