Португалиянын улуттук курама командасынын чабуулчусу Криштиану Роналду дүйнө чемпионатынын тарыхындагы жаңы рекордду жаратты. Ал 41 жаш 147 күн курагында оюндун чечүүчү баскычында оюнга чыгып, бул этапта ойногон эң улуу курактагы футболчу аталганын Известия билдирет.
Анда белгиленгендей, Роналду дүйнө чемпионатынын 1/8 финалында Хорватияга каршы беттеште Португалиянын баштапкы курамында талаага чыкты. Муну менен ал Англиянын мурдагы дарбазачысы Питер Шилтондун рекордун жаңылады. Шилтон 1990-жылкы дүйнө чемпионатында үчүнчү орун үчүн өткөн беттеште 40 жаш 292 күн курагында ойногон.
Криштиану Роналду карьерасында беш жолу Чемпиондор лигасын жеңген, Европа чемпиону жана Улуттар лигасынын эки жолку жеңүүчүсү. Ошондой эле ал улуттук курама командалар арасындагы, Европа чемпионаттарындагы, Чемпиондор лигасындагы жана клубдар арасындагы дүйнө чемпионаттарындагы эң көп гол киргизген футболчу катары дүйнөлүк рекорддордун ээси.
Ошол эле учурда Норвегиянын чабуулчусу Эрлинг Холанд дүйнө чемпионатынын чечүүчү баскычындагы голдордун саны боюнча Роналдунун көрсөткүчүнөн ашып өттү. Ал бул жетишкендикке 30-июнда Далласта өткөн Кот-д’Ивуарга каршы 1/16 финалдык беттеште жеңиш голун киргизүү менен жетишти.
Беттеш Норвегиянын 2:1 эсебиндеги жеңиши менен аяктап, команда кийинки баскычка жолдомо алды.