Дүйнөлүк чемпионаттын жарым финалынын катышуучулары аныкталды

Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын жарым финалынын катышуучулары аныкталды.

Чемпионат басылмасынын маалыматына ылайык, жарым финалга Франция, Испания, Англия, Аргентина өттү.

Франция менен Испаниянын беттеши эртең, 14-июлда өтөт, ал эми Англия менен Аргентинанын футболчулары 15-июлда кез келет.

Үчүнчү орун үчүн беттеш 18-июлда Майамиде өтөт. Турнирдин жалпы байге фонду 650 млн долларды түзөт, жеңүүчүгө болжол менен 62 млн доллар берилет.

Аргентина учурдагы чемпион. Финалдык беттеш 19-июлда АКШнын Ист-Ратерфорд шаарындагы “Meтлайф Стэдиум” стадионунда өтөт. Стадион 82 500 көрүүчүгө ылайыкташтырылган.

Белгилей кетсек, футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат быйыл АКШ, Мексика жана Канадада өтүп жатат.

13 Июль 2026 жыл 9:28
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча