Дүйнөлүк күрөш уюму Париж Олимпиадасынын жыйынтыгы боюнча мамлекеттердин Греко-рим күрөшү боюнча командалардын рейтингин жарыялады. Билдирүү күрөш уюмунун инстаграм баракчасына чыккан.
Ага ылайык Кыргызстандын командасы 3-орунду ээледи. Ал эми биринчи орунду Иран алса, экинчини Куба ээлеген.