Депутат балдар үчүн жасалма сүттүн жарнамасына тыюу салууну сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова ымыркайлар үчүн жасалма сүт жана башка товарларды жарнамалоого тыюу салууну сунуштады.

Анын айтымында, мындай жарнамалар ата-энелерди адаштырат. Натыйжада алар баланы эмизүүнү токтотуп, ар кандай аралашмалар менен бага башташы ыктымал.

Ал эми алардын агрессивдүү жарнамасына карата эч кандай механизмдер колдонулбай турганы белгиленген.

Мындан тышкары, мыйзам долбоорунда бул товарлардын таңгагына алардын зыяндуулугу тууралуу эскертүү жазылуусу керек экени көрсөтүлгөн. Ал текстти Саламаттык сактоо министрлиги бекитет.

22 Май 2025 жыл 15:15
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча