Жогорку Кеңештин депутаттары Балбак Түлөбаев, Аккулу Бердиев жана Саидбек Зулпуев Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын тактоо боюнча бийликтин аракетин колдош керектигин айтышты.
Бул тууралуу алар парламенттин 5-марттагы жыйынында депутат Султанбай Айжигитовдун кыргыз-тажик чек арасы тууралуу сөзүнөн кийин билдиришти.
“Садыр Нургожоевич, Камчыбек Кыдыршаевич жана Жогорку Кеңештин депутаттары тарыхый миссиянын алдында турабыз. Кыргыз Республикасы “кызыл китебибизди” алышыбыз керек. Биз азыр чек арасы чечиле элек толук эмес өлкөбүз. Элдин тили менен айтканда, Кудай буюрса “кызыл китебибизди” колубузга алабыз. Достук айылындагы Анара деген эже “бизге согуштун кереги жок, бийликке ишенебиз, көчөбүз” деп жатат”, — деди депутат Түлөбаев.
Султанбай Айжигитов “Баткен районундагы Достук айылы Тажикстанга өтүп кетсе Ворух анклавына коридор ачыларын” билдирди. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Достук айылы Тажикстанга толук берилип, Кыргызстан ага жараша жер жана айылдагы жаңы курулган үйлөргө кенемте катары Тажикстандан дагы 30 гектар жер алып жатканын айткан.