«Дордой Моторс» базарынын соодагерлери ККМдин колдонулушуна жана патенттерди жокко чыгарууга каршы митингге чыгышты.
Ишкерлер катаал шарттарда иштеп жатышкандыгын айтышты. Мамлекет аларга эч кандай жардам көрсөтпөйт, бирок көзөмөл-кассалык машиналарды киргизип жатат. Көптөгөн ишкерлер аны кантип колдонууну билишпейт.
«Биз патенттерди калтырууну суранып жатабыз. Биз салык төлөөдөн баш тартпайбыз, бирок отчеттер менен салык кызматына барууга убактыбыз жок. Биз иштешибиз керекпи же ошол жерде отурушубуз керекпи? Патенттерди калтырышсын, болду», — деди ишкерлер.