Бишкектин четиндеги “Дордой” базарында ишкерлердин салык төлөөдөн качуусуна шарт түзүп, коррупциялык схеманы уюштурган деген шек менен кармалган Мамлекеттик салык кызматынын беш кызматкери жумуштан алынды. Салык кызматы алардын бирөө январда эле иштен бошотулганын билдирди.
Тиешелүү буйрукка Салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов кол койду.
Мекеме укук коргоо органдары базарларда салык чогултууга жооптуу болгон салык органдарынын кызматкерлеринин мурдагы жылдардагы ишине талдоо жүргүзүп жатканын кошумчалады.
“Салык кызматы бүгүнкү күндө салыктык башкарууну жакшыртуу жана ишкерлер менен байланышты азайтуунун алкагында “Дордой” базарындагы бардык кызматкерлерин чыгарды”, — деп айтылат маалыматта.
11-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) салык төлөөдөн качуу фактыларына байланыштуу “Дордойдо” салык чогултууга жооптуу болгон беш салык кызматкери кармалганын маалымдаган.