Дыйкандарга берилген жаңилдетилген насыянын көлөмү 4 млрд сомдон ашты

11-сентябрга карата «Айыл чарбасын каржылоо-13» долбоорунун алкагында республиканын 6 миң 418 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 4 млрд 30 млн сом суммасына жеңилдетилген насыя берилди.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинде:

  • «мал чарбачылык» тармагы боюнча 3 млрд 331,34 млн сом суммасында 5 миң 374 субъектти;
  • «өсүмдүк өстүрүүчүлүк» тармагы боюнча 441,02 млн сом суммасында 898 субъектти;
  • «сууну үнөмдөөчү технологиялар» тармагы боюнча 17 млн сом суммасында 24 субъектти;
  • «лизинг» тармагы боюнча 241,56 млн сом суммасында 122 субъектти түзөт.
17 Сентябрь 2025 жыл 11:33
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча