Эбола эпидемиясы: Конгодо 970ке чукул киши каза болду

Демократиялык Конго Республикасынын бийлиги Эбола ысытмасынын 2 миң 423 тастыкталган учурун каттады. Соңку маалыматтар боюнча, 967 киши каза болуп, 469 бейтап сакайып чыкты. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму билдирди.

Маалыматка ылайык, оору өлкөнүн беш провинциясын камтыды, бирок негизги очогу катары Итури провинциясы калууда. Жуктуруу учурларынын дээрлик 89 пайызы жана өлүм учурларынын 84 пайызы дал ушул аймакка туура келет.

Эпидемия өлкөнүн ар кайсы аймактарында ар кандай өнүгүүдө: айрым жерлерде инфекциянын жугушу өтө жогору болсо, башка аймактарда кырдаал салыштырмалуу туруктуу бойдон калууда, ал эми кээ бир аймактар вирус менен эми гана кабылыша башташты.

Муну менен катар, эпидемия каршы чараларды көрүүгө караганда тезирээк жайылууда.

Эң көп жабыркаган аймактарда ДССУ каза болгондорду коопсуз жана кадыр-барктуу сөөк коюуну уюштурууга, бейтаптарды атайын медициналык мекемелерге багыттоонун натыйжалуу тутумун түзүүгө жана ооругандарды дарылоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өзгөчө артыкчылык берүүдө.

22 Июль 2026 жыл 12:09
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча