КР президентинин «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясына документтерди кабыл алуу 1-майдан 30-майга чейин жүргүзүлөт. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен маалымдашты.
Белгиленгендей, документтерди кабыл алуу онлайн жүргүзүлөт.
«Эл үмүтү» стипендиясынын максаты – Кыргызстандын таланттуу жаштарына жогорку окуу жайларынын (QS World University Rankings, Times Higher Education топ-100 дүйнөлүк рейтингине кирген чет өлкөлүк окуу жайларда, билим берүү программаларында магистр жана PhD доктору деңгээлинде билим алуусуна көмөк көрсөтүү.
«Эл үмүтү» стипендиясына жыл сайын 50 орун бөлүнөт. Анын ичинен техникалык жана инженердик багыттар боюнча магистрлерди даярдоого – 20 стипендия, экономикалык багыттар боюнча магистрлерди даярдоого – 10 стипендия, социалдык-гуманитардык багыттар боюнча магистрлерди даярдоого – 10 стипендия, философия доктору PhD программалары боюнча окутуу үчүн – 10 стипендия.
«Эл үмүтү» стипендиясына конкурска катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын магистратурада окууга 40 жашка чейинки, PhD докторантурада окууга 45 жашка чейинки жарандарына уруксат берилет.
Талапкерлер конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди берет:
Арыз берүүчү тарабынын документтери ыйгарым укуктуу органдын веб-порталы аркылуу документтерди кабыл алуу үчүн белгиленген мөөнөттө берилет.
Тапшырылган документтерди кароонун жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктуу органдын веб-порталынын жеке кабинетине арыз ээсине документтерди кабыл алуу жана конкурска катышууга уруксат берүү же аларды кабыл алуудан жүйөлүү баш тартуу жөнүндө билдирүү жөнөтүлөт.
Документтерди кабыл алуу үчүн ушул Эрежелердин талаптарына жана шарттарына ылайык келбеген, ошондой эле документтердин толук эмес пакети берилген учурда, арыз ээси белгиленген мөөнөттө бузууларды четтетүүгө жана документтердин пакетин кайра берүүгө укуктуу.
Конкурска катышууга уруксат берүү үчүн өтүнмө ээсинин жана документтердин пакети ушул Эрежелердин талаптарына ылайык келүүсүн кароо ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
Документтер топтомун: https://umut.edu.gov.kg/ шилтемесиндеги формага тиркейт.
Билим берүү министрлиги документтердин оригиналын министрликтин 3-кабатында жайгашкан 317-кабинетке тапшыруу керектигин эскертет.