Эми никени каттоого арызды «Түндүк» аркылуу берүүгө болот

Жарандар эми никени каттоого арызды түздөн-түз «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу бере алышат.

«Кызмат» мамлекеттик мекемесинин маалыматына караганда, жаңы санариптик кызмат мамлекеттик кызматтарды алууну жеңилдетип, убакытты үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.

Демилгечи «Никени каттоо» кызматын тандап, болочок жубайынын жеке идентификациялык номерин (ИЖН) киргизет жана Face ID аркылуу өздүгүн ырастайт.

Экинчи тарап билдирүү алып, маалыматтарды текшерип, макулдугун берип, Face ID аркылуу идентификациядан өтөт.

«Эки тарап тең арызга электрондук кол тамга менен кол коюшкандан соң арыз автоматтык түрдө Жарандык абалдын актыларын каттоо (ЖААК) автоматташтырылган маалымат системасына жөнөтүлөт. Маалыматтар каралып чыккандан кийин жарандарга жыйынтык тууралуу билдирүү жөнөтүлөт», — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, арыз берүү үчүн ЖААК бөлүмүнө алдын ала баруунун кереги жок, бардык процесс мобилдик тиркеме аркылуу жүргүзүлөт.

21 Июль 2026 жыл 16:14
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча