Эми жарык өчүрүлбөйт

Энергетика министрлиги 8-марттан баштап жөнгө салуу иш-чараларын токтотту. Анткени аба ырайынын жылышы менен электр энергиянын керектөөсү кыйла төмөндөдү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын Борбордук диспетчердик кызматынын ыкчам маалыматына ылайык, 8-мартта өлкөнүн энергетика системасында электр энергиясынын керектөөсү 61 миллон 117 миң кВт. саатты түзгөн, өткөн күндөрү электр энергиянын орточо суткалык керектөөсү 70 миллион кВт. саатка чейин жеткен»,- дешти.

9 Март 2024 жыл 20:50
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча