Энергетика министрлиги «чексиз тарифи» боюнча түшүндүрмө берди

Энергетика министрлигинин электр энергиясынын «чексиз тарифти» сунуштоо маселесине байланыштуу расмий түшүндүрмө берди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, күз-кыш мезгилинде электр энергиясын керектөөнү өзгөртпөстөн колдонууга чакырык жасоо демилгеси «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» акционердик коому тарабынан министрлик менен алдын ала макулдашылбастан көтөрүлгөн. Бул маселе коомчулукта кеңири талкуу жараткан.

Президент Садыр Жапаров мындай сунуштар электр энергиясынын тартыштыгы шартында кабыл алынбашы керектигин белгилеп, бул багыттагы ишти токтотууну жана жарандар үчүн электр энергиясынын адилеттүү жана бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыздоону тапшырган.

Энергетика министрлиги «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын жетекчилигине карата тиешелүү чара көрүү боюнча катты компаниянын директорлор кеңешине жолдогон.

Күн мурун»Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКтын директорлор кеңеши Энергетика министрлигинин 2025-жылдын 4-ноябрындагы №08-4/9640 катын карап чыгып, «КУЭТ» ААКтын башкы дирекциясынын төмөнкү мүчөлөрүнө тартиптик чара көрүү боюнча буйрук чыгарды:

  1. «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКтын башкы директору И.Сыдыгалиевге «сөгүш» берилди;
  2. «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКтын башкы директорунун коммерциялык иштер боюнча орун басары Уларбекке Дүйшө уулу «сөгүш» берилди;
  3. «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКтын электр энергиясын сатуу башкармалыгынын башчысы И.Орозбаев кызмат ордунан бошотулду;
  4. Электр энергиясынын тартыштыгын жана коомдук нааразычылыкты эске алуу менен «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКка калкка үзгүлтүксүз электр энергиясын берүү тапшырылды.
7 Ноябрь 2025 жыл 9:48
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча