Эркек кишинин жансыз денеси табылып, шектүү катары 6 адам кармалды

Бишкекте эркек кишинин жансыз денеси табылып, шектүү катары 6 адам кармалды.

Бишкек ШИИББнен билдиришкендей, 20-февраль күнү Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына «102» кызматынан, Бишкек шаарындагы Ала-Арча суу сактагычынын жанында Лесное айылы тарапта белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барган уучурда маалымат тастыкталып, каза болгон жаран, мурда бир нече жолу соттолгон 1981-жылы туулган А.А. экени аныкталган.

Аталган факты боюнча Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларын жыйынтыгында, 1995-жылы туулган Б.И., 2004-жылы туулган Б.С., 2002-жылы туулган Б.Ч., 1999-жылы туулган Т.К., 1996-жылы туулган А.Т., 1996-жылы туулган К.А. аттуу шектүүлөр аныкталып, кармалган.

Кармалгандардын баардыгы, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ИИБдин Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

«Учурда милиция кызматкерлери тарабынан окуянын бардык жагдайларын текшерүү иштери улантылып, жабырлануучунун өлүмүнүн так себептерин аныктоого багытталган бардык зарыл экспертизалар дайындалды»,-деп айтылат маалыматта.

Тергөө иштери улантылууда.

25 Февраль 2025 жыл 15:49
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча