Эртең Бишкек жана Чүйдө электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт

Бишкектин жана Чүйдүн айрым жерлеринде 1-сентябрда электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт. “Улуттук электр тармагы” ишканасынын маалыматына караганда, Чүйдүн бардык райондорундагы отуздай айылда жана Токмок, Кара-Балта шаарларында саат 9дан 17ге чейин оңдоо, техникалык тейлөө, бактарды бутоо иштери жүргүзүлөт.

Ушундай эле себепке байланыштуу Бишкектин бир нече көчөсүндө, “Ак-Өргө”, “Алтын-Казык”, “Ак-Чий” “Кайыңды”, “Чалбай” конуштарында, Пригородное айылында да жарык болжол менен саат 9дан 17:00гө же 18:00гө чейин убактылуу өчүрүлөт.

31 Август 2023 жыл 21:57

Тема боюнча