Эсенгул уулу: ЖМК сайттарын бөгөттөөдө тандалма мамиле жок

Бүгүн, 22-майда Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитети «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун карады.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери — депутаттар Жанарбек Акаев, Адахан Мадумаров, Элмурза Сатыбалдиев, Гуля Кожокулова, Дастан Бекешев, Сеид Атамбаев жана Чыңгыз Айдарбеков.

Жанар Акаевдин белгилешинче, мыйзамдын үч беренесине өзгөртүү киргизилип жатат.

«Кыргызстанда Баш мыйзамга ылайык сөз эркиндигин чектөөгө тыюу салынган. Бирок азыр ЖМКга анык эмес маалымат жарыяланган болсо, Маданият министрлигинин алдындагы жумуш топ карап туруп, актанууга мүмкүнчүлүк бербей эле жабылсын деген чечим чыгарып жатат. Биз далилдеп берүүгө убакыт берилсин деп жатабыз», — деди эл өкүлү.

Демилгечилер жалган маалыматты сайттан алып салуунун мөөнөтүн узартуу, тагыраагы, арыз келип түшкөн учурдан таратып 24 саат эмес 3 күнгө чейин узартууну сунуштап жатышат.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу ЖМКга убакыт берилерин айтып, «дароо жаап салуу деген жок» деп жооп берди.

«Биринчи макаланы өчүрүү боюнча сунуш беребиз. Эгерде ал макала 24 сааттын ичинде өчпөсө, ал ЖМКнын интернеттеги ишин токтотуу боюнча экинчи сунуш жөнөтүлөт. Дароо жаап салуу деген жок», — деди министрдин орун басары.

Эсенгул уулу ошондой эле ЖМК сайттарын бөгөттөө малелесинде тандалма мамиле жок экенин, министрлик маалымат каражаттарын жактырган же жакпаган деп бөлбөй турганын кошумчалады.

Талкуу учурунда депутат Айбек Маткеримов жалган маалымат тараткандыгы үчүн ЖМКнын жоопкерчилигин күчөтүү маселесин козгоп, Маданият министрлигин арыздарды адилет жана калыс кароого чакырды. Ал 3 күндүк мөөнөт өтө узак экенин билдирип, каршы пикирин айтты.

Талкуу соңунда мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.

Буга чейин 16-майда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитети 16-майдагы жыйынында «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоорун жактырган.

22 Май 2023 жыл 16:11

Тема боюнча