Июнь айынын аягында Батыш Европаны каптаган катуу ысыктан улам 12 миңден ашуун адамдын өмүрү кыйылганы аныкталды. Бул тууралуу AFP агенттигинин талдоосуна таянып, Казиформ билдирди.
Маалыматта белгиленгендей, Бельгия, Германия, Испания, Люксембург, Нидерланддар, Франция, Швейцария, ошондой эле Англия менен Уэльстеги маалыматтарга талдоо жүргүзүлгөн. Ага ылайык, 22–28-июнь күндөрү жети өлкөдө каза болгондордун саны мурдагы жылдардагы ушул эле мезгилге салыштырмалуу болжол менен 10 миңге көп болгон. Ал эми Англия менен Уэльсте 18–28-июнь аралыгында дагы 2,2 миңге жакын ашыкча өлүм катталган. Изилдөөгө Чыгыш Европа өлкөлөрү киргизилген эмес.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европа боюнча аймактык бюросунун директору Ханс Клюге мындай өлүмдөрдүн көбүнүн алдын алууга болорун белгилеп, өкмөттөрдү ысык абаны жөн гана аба ырайынын кубулушу эмес, коомдук саламаттык үчүн олуттуу коркунуч катары кароого чакырды.
Германияда аптап күчөгөн 22–28-июнь аралыгында абанын температурасы айрым аймактарда +41 градуска чейин жетип, бул мезгилде 23,9 миң адам көз жумган. Бул көрсөткүч эки жума мурдагыга салыштырмалуу 7,1 миңге көп экени айтылды.
Адистердин маалыматына караганда, ысыктан каза болгондордун басымдуу бөлүгүн 65 жаштан жогорку адамдар түзгөн. Жогорку температура организмде жылуулукка байланыштуу ооруларды күчөтүп, жүрөк-кан тамыр жана дем алуу органдарынын өнөкөт ооруларынын татаалдашына алып келет.
Эксперттер климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу экстремалдуу ысык толкундары барган сайын тез-тез кайталанып жатканын белгилешип, саламаттык сактоо системасын алдын ала даярдоо жана калкты өз убагында эскертүү мындай кырсыктардын кесепеттерин азайтууда маанилүү экенин белгилешти.