Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы FIFA`нын рейтингинде 106-орунду ээледи. Рейтингдин жаңыланган версиясы уюмдун сайтында жарыяланды.
Ага ылайык, Испаниянын курама командасы биринчи орунга чыкты. Экинчиде Франция, дүйнөнүн учурдагы чемпиону Аргентина үчүнчү сапка жайгашты. Төртүнчү орунда Англия, бешинчиде Португалия турат.
Россиялыктар азыр 33-орунда, Өзбекстан 54-сапта, Казакстандын курама командасы 118-орунду ээледи.