ФИФАнын рейтингинде Кыргызстан төрт позицияга көтөрүлүп, 103-орунга чыкты

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) кезектеги рейтингинде төрт позицияга көтөрүлүп, 1205 упай менен 210 кураманын ичинен 103-орунду алды.

3-апрелде жарыяланган рейтингдин көч башында Аргентина, Франция жана Испания турат. Борбор Азия өлкөлөрүнөн Өзбекстандын курамасы 57-орунга, Тажикстан 104-орунга илинди. Казакстан 113-орунга жазылып, дагы үч тепкичке артке кетти.

3 Апрель 2025 жыл 18:42
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча