Казакстандын “Халык банкы” Кыргызстандагы филиалынын акцияларын толугу менен сата турган болду. Бул тууралуу банктын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, «Халык банк Кыргызстан» ААКтын ээси Visor International DMCC (Visor) инвестициялык тобунун курамына кирген сатып алуучулардын консорциуму болот.
Кыргызстандын Улуттук банкынын уруксаты менен сатууну бүтүрүү пландалууда.
«Visor банкты өзүнчө юридикалык жак катары сактап калууну пландаштырууда жана мындан ары аны Кыргызстанда өнүктүрүүнү улантат», — деп айтылат билдирүүдө.