Бишкекте 100 миң доллар опузалаган «жалган милиционерлер» кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Ведомстводон маалымдашкандай, жаран Н.А.Э. милицияга кайрылып, өздөрүн укук коргоо кызматкери катары тааныштырган адамдар 100 миң доллар талап кылып жатканын билдирген. Шектүүлөр ишкерди «бизнести рейдерлик жол менен тартып алууга аракет кылган» деп айыптап, интернетке жаманатты кылган видео чыгарабыз деп коркутушкан.
Ыкчам иш-чаранын натыйжасында 1,5 млн сом алып жаткан учурда Р.С.А. кармалды. Анын шериги А.Р.К.нын үйүн тинтүүдө милициянын капитанынын жасалма күбөлүгү, куралга уруксат кагазы жана УКМКнын жетону табылган. Эки шектүү тең камакка алынып, тергөө жүрүүдө.