Көчмөндөр оюндары: Таяк тартыш боюнча кыргыз курамасы 8 медаль жеңди

V Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында таяк тартыш боюнча мелдеште кыргыз спортчулары жалпы 8 медаль жеңди.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, улуттук курама команданын мүчөлөрү 6 алтын, 1 күмүш, 1 коло жеңип алышты.

Алтын уткандар:

  • Уланбек Турганбаев (65 кг)
  • Бекмурза Токтошев (70 кг)
  • Келдибек Атайбек уулу (105 кг)
  • Элзар Абдыкадырова (55 кг)
  • Адель Маданбаева (65 кг)
  • Назия Майлыбашева (75 кг)

Күмүш медаль:

  • Элдос Айтбаев (80 кг)

Коло медаль:

  • Русланбек Чыныбек уулу (90 кг)

Улуттук курама командалык эсеп боюнча 1-орунду ээледи. Мелдешке жалпы 33 өлкөнүн спортчулары катышты.

10 Сентябрь 2024 жыл 23:22
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча