Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

5-июнда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 26…31

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 23…28

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15…20, күндүз 25…30

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 18…23

Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 16…21

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19°, күндүз 27…29° болот.

4 Июнь 2026 жыл 17:43
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча