
Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектеги бир мандаттуу Ленин округундагы кайра шайлоого катышууга арыз берген үч адамды талапкерликке каттаган жок. Ага ылайык, Роман Ремнёв, Назарбек Нышанов жана Ильязбек Якубов керектүү документтерди толук тапшырбаганына, шайлоо фондун түзбөгөнүнө жана күрөөгө акча төлөбөгөнүнө байланыштуу каттоодон өтпөй калды.
Талапкерликтен четтетилгендер БШКнын чечимине байланыштуу комментарий бере элек.
Бул округдагы кайра шайлоого катышуу үчүн 34 адам арыз берген. Документтерди кабыл алуу 10-августта аяктаган, ал эми талапкерликке каттоо 20-августка чейин жүргүзүлөт.