Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев үй-бүлөлүк зомбулук үчүн жоопкерчиликти күчөткөн мыйзамга кол койду.
Ага ылайык, аялдарга жана балдарга карата зомбулуктун ар кандай көрүнүштөрү үчүн жоопкерчилик күчөтүлүп, үй-бүлө институтун чыңдоо жана жашы жете электердин коопсуздугун камсыздоо боюнча нормалар киргизилди.
«Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү жөнүндө» мыйзам долбоору 2020-жылдын сентябрь айында парламент мажилисинде биринчи окууда кабыл алынган, бирок 2021-жылы январда документти жакшыртуу үчүн артка кайтарышкан.
Акыркы жылдары Казакстанда аялдарга карата зордук-зомбулук жана үй-бүлөлүк зомбулук эң көп талкууланган темалардын бири бойдон калууда. Мурдагы улуттук экономика министри Куандык Бишимбаев жубайын өлтүргөндөн кийин Казакстанда гендердик зомбулукка каршы күрөш боюнча талкуулар кайрадан жанданды.
Статистикага ылайык, Казакстанда аялдардын көбү күйөөсү же алар менен мамиледе болгон адамдар тарабынан күч колдонууга дуушар болот. Жыл сайын милицияга үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 100 миңден ашык билдирүү келип түшөт. Бирок бул иштердин аз гана бөлүгү боюнча чара көрүлөт.
БУУнун маалыматы боюнча Казакстанда жыл сайын 400гө жакын аял күйөөлөрүнүн же алар менен жакын мамиледеги адамдардын колунан каза табат.