Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел жүрүү жана таш кулоо коркунучу бар аймактардын картасын жарыялады.
Маалыматка ылайык, 15-16-август күндөрү Кыргызстанда туруксуз аба ырайы жана нөшөрлүү жаан-чачын жаашы күтүлөт.
ӨКМге караштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин божомолдук материалдарына ылайык, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда, айрыкча төмөнкү райондордо сел жүрүшү жана унаа жолдордо таш кулоо процесстердин активдешүүсүнө алып келиши мүмкүн:
Ошондой эле республиканын унаа жолдоруна кооптуу болгон сел жана таш кулоо участкаларында, айрыкча:
- Бишкек-Ош унаа жолунун 285, 342-348, 358-362, 400, 411-426 чакырымдарында;
- Ош-Сары-Таш-Иркештам унаа жолунун 64-65, 68-70, 78-80, 100, 106, 121-124, 133 чакырымдарында;
- Бишкек-Балыкчы (Боом капчыгайы) унаа жолунун 112-128 чакырымдарында;
- Балыкчы-Бөкөнбаева унаа жолунун 64-117 чакырымдарында;
- Талды-Суу-Арал унаа жолунун 4-5 чакырымдарында;
- Ош-Исфана унаа жолунун 64-78, 125-138, 149-190 чакырымдарында;
ӨКМ жарандарды жана айдоочуларды этият болууга жана коопсуздук чараларын сактоого чакырат. Өзгөчө кырдаалдар пайда болгон учурда жергиликтүү ӨКМ органдарына кайрылууну өтүнөт