Кооптуу жүк ташуучу унааларга көзөмөл күчөтүлдү

Ички иштер министрлигинин Жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгы (ЖКККББ) өлкө аймагында кооптуу жүк ташуучу унаалардын катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу максатында ири масштабдагы текшерүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Текшерүү учурунда төмөнкү жагдайларга өзгөчө көңүл бурулууда:

  • унаалардын техникалык абалы;
  • коопсуздук жабдыктарынын талапка ылайык жабдылышы;
  • жол кыймылынын жана кооптуу жүктөрдү ташуу боюнча эрежелердин сакталышы.

Муну менен катар, айдоочуларга коопсуздук чаралары боюнча нускамалар өткөрүлүп, эреже бузуулар аныкталган учурда тиешелүү административдик протоколдор түзүлүүдө.

25 Сентябрь 2025 жыл 17:33
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча