Кулак,мурду кесилген аялга акысыз пластикалык операция жасалат

Селекцияда мурдагы күйөөсү мурдун, кулактарын кесип, бетин тилип салган келинге түркиялык хирург акысыз пластикалык операция жасоону убадалады. Тиешелүү видео соцтармакка жарыяланды.

«Биз аялдарга карата зордук-зомбулукка каршыбыз. Динибизде, элибизде аял — ыйык, бейиш энелердин таманынын астында. Операциялар боюнча жардам кылабыз, колубуздан келишинче баарын жасайбыз. Биздин клиникаларда жогорку тажрыбайлуу адистер иштейт. Кызыңыздын мурунку жүзүн калыбына келтиребиз», — деди адис жабырлануучунун апасына.

25 Сентябрь 2023 жыл 13:26
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча