
Мамлекеттик курулуш агенттигинин директору Мырзабек Жыпаркулов 5-августта Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык ыкчам түрдө Ош шаарына келди. Бул тууралуу ал өзүнүн соцтармактагы баракчасына билдирүү жазды.
Маалфматка ылайык, Ош шаарында курулуп жаткан көпүрөнүн сапатын жана курулуш процессинде кетирилген каталарын аныктоого атайын комиссия түзүлдү.
«Мамкурулуш тарабынын кылдаттык менен аталган окуя боюнча териштирүүлөр жүргүзүлөт»,-деп кошумчалады Жыпаркулов.