20-июлда Ысык-Көл облусунун Сырт жайлоосунда ак түстөгү кыргыз топозу «Кыргыз ак топозу» аталышында жаңы порода катары расмий мамлекеттик каттоодон өттү.
Суу ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, жаңы породаны мамлекеттик каттоо жөнүндө буйрукка айыл чарба министри Эрлист Акунбеков кол койду.
Министр бул чечим өлкөнүн асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүдө жана улуттук генетикалык ресурстарды сактоодо маанилүү кадам экенин белгиледи.
«2014-2026-жылдары жүргүзүлгөн селекциялык иштердин натыйжасында бийик тоолуу шарттарга ыңгайлашкан, жогорку өндүрүмдүүлүккө ээ ак түстөгү топоздун жаңы породасы түзүлдү», — деди ал.
Белгилей кетсек, Социалисттик эмгектин баатыры, көрүнүктүү селекционер жана коомдук ишмер Таштанбек Акматовдун көп жылдык эмгеги жаңы породанын калыптанышына чоң салым кошту. Бул жетишкендик окумуштуулардын, селекционерлердин, адистердин, асыл тукум чарбаларынын жана мал багуучулардын биргелешкен эмгегинин жыйынтыгы болуп саналат.
Илимий изилдөөлөр жаңы породанын жогорку өндүрүмдүүлүгүн, тирүүлөй салмагынын, төл алуу көрсөткүчтөрүнүн жана жаш малдын сакталышынын жакшы деңгээлин тастыктады.
Ошондой эле «Кыргыз ак топозу» сапаттуу ак жүнү жана тыбыты менен айырмаланып, текстиль өнөр жайы үчүн баалуу чийки зат болуп саналат. Жаңы породанын мамлекеттик каттоодон өтүшү улуттук генетикалык ресурстарды сактоого, асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө, бийик тоолуу аймактардын туруктуу өнүгүшүнө жана Кыргызстандын агроөнөр жай комплексинин экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.