Кыргыз-кытай чек арасында жаңы көзөмөл өткөрүү жайы сентябрда ачылат

Кыргыз-кытай чек арасындагы «Бедел» көзөмөл-өткөрүү пунктун сентябрь айында расмий ачуу пландалууда. Бул тууралуу министрлер кабинети билдирди.

Маалыматка караганда, өкмөт башчынын орун басары — айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев Кытайдын өткөрүү бекеттерин башкаруу боюнча мамлекеттик канцеляриясынын директорунун биринчи орун басары Дан Сяохон баштаган делегация мүчөлөрү менен жолуккан.

«Анда кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы «Бедел» көзөмөл-өткөрүү пунктунун ачылышы, ошондой эле Барскоон — Учтурфан — Аксу унаа жолунун курулушу тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Үстүбүздөгү жылдын сентябрында жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте убактылуу шарттарды түзүү менен «Бедел» бекетин ачуу пландалууда», — деп айтылат маалыматта.

Азыркы тапта «Беделдеги» көпүрөнүн курулушу бүткөн. Ал эми калган эл аралык стандарттарга ылайыкталган толук кандуу инфраструктураны түзүү жакынкы жылдары ишке ашырылмакчы.

Жолугушуунун соңунда жаңы көзөмөл өткөрүү пункту Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы эл аралык маанидеги транспорттук-логистикалык коридорго айланары белгиленди.

20 Август 2024 жыл 17:34
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча