Кыргызстандын белгилүү актёру, Кыргыз Республикасынын эл артисти Абдыкалык Акматов дүйнө салды. Ал узак убакыттан бери рак илдети менен күрөшүп келген.
Белгилей кетсек, ага «Кыргыз Республикасынын эл артисти» ардактуу наамы бир күн мурун ыйгарылган. Актёрдун жубайы анын бул наамды алууну көптөн бери кыялданып келгенин айткан.
Тийиштүү жарлыкка Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кол койгон.
Абдыкалык Акматов театр жана кино тармагында 50 жылдан ашык кызмат өтөгөн, белгилүү кыргыз актёру. Ал сахнада жана кинодо ондогон ролдорду аткарып, көрүүчүлөрдүн жана кесипкөй коомчулуктун алкоосуна ээ болгон.