Кыргызстан Өзбекстанга 2:3 эсеби менен жеңилип калды

Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан — Өзбекстан футбол боюнча курама командаларынын беттеши жыйынтыкталды. Оюн 2:3 эсебинде өзбекстандыктардын пайдасына чечилди.

Биринчи таймда таймаш 2:2 эсебинде аяктаган. Экинчи бөлүктө өзбек спортчулары эсепти жаңылап, «Ак шумкарлардын» дарбазасына гол киргизди.

Буга чейин 5-сентябрда 1-турдагы матчта Кыргызстандын футболчулары Иранга барып, улуттук курамасы менен беттешкен. Анда ирандыктар жеңишке жетишкен.

Эми октябрда кыргызстандыктар дагы эки оюн өткөрөт. Алгач Катар менен, андан соң Бишкекте Түндүк Кореянын курамасы менен ойнойт. Кыргызстан БАЭге каршы оюн менен 1-айлампаны жабат.

10 Сентябрь 2024 жыл 22:28
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча