Кыргызстанда жалпы 3 миң 888 үй-бүлө жер көчкү кооптуулу бар тилкеде жашоосун улантууда. Бул тууралуу Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов билдирди.
«Анын ичинен 2 495ине өз кезегинде мамлекеттик ссуда жана жер тилкелери берилгенине карабай, кооптуу аймакта жашоосун улантышууда. Биз эскертүү берип, байма-бай түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнүбүз менен алар кооптуу тилкеден көчүп чыгууга каршы чыгышып, биздин кызматкерлер барган учурда арыз-дообуз жок деп тил кат жазып беришүүдө», — деген ал жарандарды шашылыш билдирүүлөргө жана эскертүүлөргө кош көңүл карабай, өздөрүнө сак болууга чакырды.