Кыргызстанда +40 градуска чейинки ысык аба ырайы күтүлүүдө

Кыргызстанда 25-июлдан 28-июлга чейин ысык аба ырайы күтүлүүдө.

Кыргызгидрометтин маалыматына караганда, Чүй өрөөнүндө, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күндүзгү абанын температурасы +35 …+40°, ал эми Талас өрөөнүндө +33…+38° чейин ысышы күтүлүүдө.

Мындай ысык аба ырайында сууну көп ичүү, күн нурунан сактануу, ошондой эле эгиндерди тынымсыз сугаруу сунушталат.

25 Июль 2024 жыл 9:39
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча