Кыргызстанда дүйнөлүк деңгээлдеги фармацевтикалык кампа курулат

Кыргызстан GPP (талапка ылайыктуу аптекалык практика) эл аралык стандарттарына жооп берген заманбап кампанын курулушунун алдында турат. Бул тууралуу «Кабар подкастта» саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмонов билдирди.

Ведомство башчысы белгилегендей, дүйнөдөгү ири фармкомпаниялар мындай деңгээлдеги кампасы жок өлкөлөргө өздөрүнүн дары-дармектерин сатышпайт. Алардын максаты жөн гана бир жолку пайда табуу эмес, бизнестин үзгүлтүксүздүгүн жана туруктуулугун камсыз кылуу болуп саналат.

«Эгерде дары-дармектер тийиштүү шарттары жок жана температуралык режими бузулган жерлерге жеткирилсе, алар өз касиеттерин жоготуп, бейтаптар үчүн натыйжасыз болуп калат. Бул акыр аягында өндүрүүчүлөрдүн өздөрүнүн аброюна сокку урат, ошондуктан алар сатуунун алдында логистикага өтө катуу талаптарды коюшат. GPP стандарттары боюнча кампанын курулушу бизге дүйнөдөгү бардык ири фармацевтикалык гиганттар менен түз келишимдерди түзүүгө жана алардын дарыларын биринчи колдон алууга мүмкүнчүлүк берет», — деди Осмонов.

Ведомство башчысынын айтымында, министрлик алдыңкы эл аралык компаниялар менен макулдашууларга жетишти. Алсак, дүйнөлүк фармгигант Pfizer компаниясы дары-дармектердин кеңири түрүн арзан баада түз жеткирүүгө даярдыгын билдирди. Ошондой эле Кыргызстандын рыногуна Sanofi компаниясын кайтарып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат жана Швейцариянын ири Roche гиганты менен келишимдерге кол коюлду.

6 Июль 2026 жыл 17:49
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча