Кыргызстанда турак жай курулушу алдыңкы орунда турат. Бул тууралуу бүгүн курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.
Министрдин айтымында, бүгүнкү күндө өлкөдө курулуштун бардык түрү активдүү жүрүп, өсүү динамикасы байкалууда.
“Айрыкча, турак жай курулушу алдыңкы орунда турат. Андан кийинки орунда өнөр жай объектилеринин курулушу турат. Үстүбүздөгү жылы мамлекет башчысынын тапшырмасы менен 100дөн ашуун өнөр жай объектисин пайдаланууга берүү максаты коюлган. Анын басымдуу бөлүгү ишке берилди жана учурда толук кандуу ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатат. Калган объектилер жыл аягына чейин ишке берилет. Ал эми турак жай боюнча айтсак, 2025-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы менен 1,5 млн чарчы метрден ашык турак жай пайдаланууга берилди. Жыл аягына чейин бул көрсөткүчтү 2,5 млн чарчы метрге жеткирүү пландалууда”,-деди ал.