Кыргызстанда мыйзамсыз алып келинген учак аныкталды

«Манас» бажысында 10 млн сомдук бажы мыйзамын бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Манас» бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан бажылык тариздөөгө мониторинг жана талдоо жүргүзүү учурунда бажылык укук бузуу фактысы аныкталды.

Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө «AH26Б» учагы Беларустун ЕАЭБ бажы аймагынан 2020-жылы Бириккен Араб Эмираттарына экспорттолгону аныкталган.

Андан ары 2022-жылдын сентябрь айында учак Кыргызстандагы ЕАЭБдин бажы аймагына келген. Борт «B.S.» авиакомпаниясына таандык.

Бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык, товарларды ЕАЭБдин бажы аймагына ташып келүүдө товарлардын жана транспорт каражаттарынын келиши жана аларды тиешелүү бажы жол-жобосуна жайгаштыруу менен байланышкан ырааттуу бажы операцияларын жүргүзүү каралат. Бирок, Кыргызстандын аймагына келген учурдан тартып учакка карата бажы операциялары жүргүзүлгөн эмес.

Ошентип, тийиштүү бажы төлөмдөрүнүн суммасы 8 млн 461 миң 553 сомду, анын ичинен туум 1 млн 569 миң 353 сому түзгөн.

Факт каттоого алынып, материалдар мыйзамдарда белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди.

1 Июнь 2023 жыл 9:08

Тема боюнча