Кыргызстанда насыянын көлөмү жаңы рекорд койду

Майдын соңуна карата Кыргызстандын банктарындагы насыянын көлөмү 275 миллиард 748,6 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук банктан кабарлашты.

Бул — рекорддук көрсөткүч. Мурдагысы 268,9 миллиард сом болуп апрелдин аягында катталган. Эгер жыл аягындагы маалыматтар менен салыштыра турган болсок, өсүш дээрлик 18 миллиард сомду түздү.

9 Июль 2024 жыл 10:44
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча