
Жусуп Баласагын атындагы Токмок лицейинин бүтүрүүчүсү Эмилбек Бакиров АКШ, Катар жана Канаданын алдыңкы университеттерине толук каржылоо менен кабыл алынды.
Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, каржылоонун жалпы суммасы 476 миң долларды түзөт. Мында учуу жана жашоо чыгымдары да каралган.
Эмилбек дүйнөдөгү эң абройлуу окуу жайларга өтүп, ал Carnegie Mellon University Qatar университетин тандады.
Carnegie Mellon University Qatar — АКШнын эң мыкты изилдөө университеттеринин бири болгон, дүйнөгө таанымал Carnegie Mellon Universityнин эл аралык кампусу. Университет компьютердик технологиялар жана бизнес тармагындагы жетишкендиктери менен белгилүү. Анын бүтүрүүчүлөрү дүйнөлүк ири компанияларда жогорку кызматтарды ээлеп келишет.
Мугалимдердин жана үй-бүлөнүн колдоосунан шыктанган Эмилбек өзүнүн билимин жана тажрыйбасын социалдык тармактар аркылуу курдаштары менен бөлүшүп келет. Ал жаштарды өзүнө ишенүүгө, максатына жетүүдө тынымсыз аракет кылууга үндөп, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жана келечектерди ачууга шыктандырууда.
Эмилбек — кыргыз билим берүү системасы биздин жарандарга жаңы бийиктиктерди багынтууга жана белгисиздиктен коркпоого жардам берерин ачык көрсөткөн жаркын мисал.
Биз жараныбыз менен сыймыктанабыз жана анын ийгилиги биздин өлкөнүн мектеп окуучуларын жана студенттерин шыктандырат деп ишенебиз.