Кыргызстандык окуучулар эл аралык олимпиадада 13 медаль жеңди

Кыргызстандык окуучулар математика жана информатика боюнча эл аралык олимпиадада 13 медаль жеңди. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-7-июнь күндөрү Өзбекстанда математика жана информатика боюнча IV эл аралык Аль-Хорезми атындагы олимпиада өткөрүлдү.

Ага 16 өлкөдөн: Малайзия, Монголия, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркия, Түркмөнстан, Беларусь, Бангладеш, Куба, Венесуэла, Иордания, Азербайжан, Өзбекстан, Румыния жана Ирандан 219 окуучу катышты.

Кыргызстандын атынан мелдеште математикадан – 12 жана информатикадан – 12 окуучу күч сынашты

«Жыйынтыгында кыргызстандык окуучулар 2 алтын, 4 күмүш жана 7 коло медаль жеңип алышты», — деп айтылат маалыматта.

11 Июнь 2026 жыл 15:28
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча