Кыргызстандык окуучулар эл аралык олимпиадада 4 медаль жеңди

Россиядагы Москва физика-техникалык институтунда өткөн илимий-физикалык олимпиадада кыргызстандык окуучулар 4 медаль жеңди. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, олимпиадага өлкөдөн 10 окуучу катышты.

Мелдештин жыйынтыгында Кыргызстандын курама командасы 1 күмүш, 3 коло медаль утту. Ошондой эле 3 Ардак грамота менен сыйланды.

Белгилей кетсек, быйыл аталган олимпиадага 30 өлкөдөн 148 мыкты окуучу катышып, татаал теориялык жана эксперименттик физикалык тапшырмаларды аткаруу боюнча күч сынашты.

2 Июль 2026 жыл 11:30
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча