Колумбиянын Букараманга шаарында өткөн 56-эл аралык физика олимпиадасында (IPhO 2026) Кыргызстандын улуттук курама командасы тарыхый рекорддук жыйынтык көрсөттү.
Агартуу министрлигинен билдиришкендей, олимпиадага катышкан бардык 5 окуучу тең куру кол кайткан жок. Анын ичинен:
«Бул жеңишке чейин Кыргызстандын тарыхында болгону 2 күмүш медаль бар болчу, эми алардын саны 3кө жетти. Жалпы өлкө боюнча медалдардын куржуну 3 күмүш, 17 коло жана 27 ардак грамота менен толукталды», — деп айтылат маалыматта.