Кыргызстандык оор жаракат алып Вьетнамда ооруканага түшкөн

Кыргызстандык киши Вьетнамда эс-учун жоготкон тейде табылып, ооруканага түшкөн. Бул тууралуу ТИМден кабарлашты.

Маалыматка ылайык, С.А. аттуу 50 жаштагы кыргызстандык 19-мартта Нячанг шаарындагы мейманканалардын биринен эс-учун жоготкон абалда табылып, медициналык жайга жеткирилген.

«Алган жарааты күчөп кеткен, азыр абалы туруксуз. Хошимин шаарындагы ооруканага көчүрүү мүмкүнчүлүгү каралууда. Кыргызстандын Кореядагы элчилиги жергиликтүү органдар менен кызматташып, жабыркаган жаранга керектүү жардамды көрсөтүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Окуя дипломатиялык өкүлчүлүктүн көзөмөлүндө экенин кошумчалашты.

22 Март 2025 жыл 14:01
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча