Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү коңшу өлкөлөрдө унаа башкарууда жарайт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордон билдиришти.
Маалыматка ылайык, айдоочулук күбөлүктө жарактуулук мөөнөтү көрсөтүлүшү керек. Эски үлгүдөгү мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүк болсо, жаңысына алмаштырууга туура келет.
“Эгерде жаран мисалы, Россияга барып унаа айдаса, Кыргызстанда алган айдоочулук күбөлүгү менен жүрө алат. Ошол эле маалда Кыргызстанга келген башка өлкөнүн жараны биздин айдоочулук күбөлүктү алса болот”, — деп белгилешти борбордон.
Россиянын мыйзамдарында көрсөтүлгөндөй, Россияда чет элдик айдоочулук күбөлүктөр жарайт, документ орус тилинде да жазылышы керек же нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн котормосу болуусу шарт. Бирок чет элдик айдоочулук күбөлүктөр менен унаа каражаттарын коммерциялык максатта башкарууга тыюу салынат.
Ошондой эле 2025-жылдын 1-апрелинен тартып Россиянын жарандыгын алган чет элдиктер айдоочулук күбөлүгүн бир жыл ичинде россиялык күбөлүккө алмаштыруусу керек.
Коңшу Казакстанда да Кыргызстандын айдоочулук күбөлүктөрү таанылат. Мыйзамдарында белгиленгендей, эгерде чет элдик жарандар өлкөдө жашоого уруксаты бар болсо, Казакстандын айдоочулук күбөлүгүн тиешелүү жол-жоболордон өтүп алса болот.