Кыргызстанга быйылкы жылдын 9 айында канча унаа келген?

Кыргызстанга быйылкы жылдын январынан сентябрына чейин 122 458 жеңил автоунаа алып киришкенин Статистика боюнча улуттук комитеттин маалыматында айтылат.

Баш-аягы автокөлүктөр 60га чукул өлкөдөн ташылган.

Алардын ичинен төмөнкү жактардан арбын (10 миңден ашык) алып келишкен:

Түштүк Корея — 38 375 машина;

Кытай — 32 573;

АКШ — 15 006;

Россия — 10 796.

Былтыркы жылдын январь–сентябрь айларында 25,3 миң автокөлүк киргени катталган. Ал эми 2020–2022-жылдары Кыргызстанга 80 миңге чукул темир тулпар ташылган.

4 Декабрь 2023 жыл 10:00
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча